Ссылки доступа

Тажикстан БУУда аз улуттардын укуктарынын сакталышы боюнча отчет берет


20-апрелде БУУнун өкүлдөрү тажик өкмөтүнүн расалык басмырлоону жоюу, анын ичинде азчылыкты түзгөн этникалык топтордун укуктарын сактоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар боюнча баяндамасын угат.

Уюмдун Расалык басмырлоону жоюу комитетинин кезектеги сессиясы өз ишин 11-апрелде Женева шаарында баштаган. Анда карала турган тажик өкмөтүнүн баяндамасында акыркы жылдары өлкөдө расасына карап басмырлоого байланыштуу бир да кылмыш иши козголбогону, Тажикстанда азчылыкты түзгөн бардык этникалык топтордун укуктары сакталып жатканы белгиленген. Мындан тышкары кыргыз жана өзбек мектептери үчүн бул тилдерде жаңы китептерди басып чыгарууга даярдыктар көрүлүп жатканы, бул үчүн котормочулардан турган атайын жумушчу топтор түзүлгөнү жазылган.

"Өлкөнүн ар бир жараны өзүнүн эне тилин колдонууга, өз ара сүйлөшүүдө, бала тарбиялоодо, билим алууда жана чыгармачылыкта каалаган тилин тандоого укуктуу", – деп жазылган баяндамада.

Ошол эле маалда тажик өкмөтүнүн 14 баракта турган баяндамасында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда жашап, памир тилдеринде сүйлөп, исламдын шиит багытын карманган памирликтер жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Ошондой эле анда байыркы согд тилинде сүйлөгөн янгобдуктар тууралуу да эч кандай маалымат жок.

Буга чейин БУУнун тажик өкмөтүнө жөнөткөн билдирүүсүндө сессиянын жүрүшүндө Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы кырдаал боюнча да маселе көтөрүлөрү белгиленген. Былтыр бул аймактагы нааразылыктар учурунда ондогон киши өлгөн. Мындан тышкары билдирүүдө өлкөдө жашаган 15 миңге жакын лөлүнүн укуктарынын бузулушу жөнүндө да сөз болору айтылган.

Орусиянын "Мемориал" борбору сунуштаган альтернативдүү баяндамада лөлүлөрдүн абалын жакшыртуу боюнча тажик өкмөтү көрүп жаткан чаралар жетишсиз экени белгиленген. "Өкмөт лөлүлөрдүн билимге, медициналык кызматка жана мамлекеттик кызматтарга жетүү мүмкүндүктөрүн жакшыртуу боюнча эч кандай программа кабыл алган жок. Коомдо бул азчылык өкүлдөрүнө карата басмырлоо бар", – деп жазылган "Мемориалдын" баяндамасында.

Мындан тышкары анда памирликтерге да өзгөчө көңүл бурулган. "Памирликтер этникалык азчылык деп таанылган эмес, бирок иш жүзүндө тажик эмес улут катары басмырлоого кабылууда. 200 миңден ашык калкы бар Бадахшандын өкүлдөрү мамлекеттик органдарда жана мамлекеттик башкарууда өтө эле аз", – деп жазылган баяндамада.

"Мемориал" БУУнун Расалык басмырлоону жоюу комитетин уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын көзөмөлүндө Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы памирликтерге карата мамилени иликтөө боюнча комиссия түзүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG