Ссылки доступа

Москвада сабалган тажикстандык студент полициячыларды сотко берүүгө ниеттенүүдө (видео)


Эмомхусейн Болтаев
Эмомхусейн Болтаев

Орусиядагы тажикстандык студент аны сабап, колун сындырган полиция кызматкерлерин сотко берүүгө ниеттенүүдө.

Окуя 15-апрелде “Теплый стан” районундагы студенттик жатаканада болгон. Москва архитектуралык институтунун биринчи курсунун студенти Эмомхусейн Болтаевдин айтымында, телефондо катуу сүйлөшүп жатканы үчүн жатакананын администратору аны тилдеген жана кемсинткен.

"Ал мени "чурка" деп, адепсиз сөздөр менен сөгүп, жатаканадан чыгарам деп коркутту. Кийим-кечегимди жыйнап, бөлмөдөн чыгайын деп жатсам, эки полициячы пайда болду. Мен алардан документтерин көрсөтүүнү сурандым, бирок алар мени дароо байлап, жерге жыгышты. Колумду сындырышты, ага карабай сабай беришти. Анан мени полиция бөлүмүнө алып барышып, ал жактан дагы сабашты", — деди 24 жаштагы Эмомхусейн Болтаев.

Эмомхусейн ооруканага эс-учун жоготкон абалда жеткирилген.

Студенттик жатакананын администратору Татьяна Драчева Эмомхусейн менен уруша кеткенин тастыктап, ал жатаканада жүрүү эрежесин бузганын айтты. Администратор тажикстандыктын улутуна шек келтирип, кемсинткенин четке какты.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги окуядан кабардан экенин айтып, студентке юридикалык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Эмомхусейн Болтаев прокуратурага арыз жазып, аны сабаган полиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга ниеттенүүдө.

Полицейские сломали студенту из Таджикистана руку, он требует завести на них дело
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

XS
SM
MD
LG