Сот эки активистти “тынч митинг өткөрүү эрежесин бузду” деп айыптаган. Чечимге ылайык, Атинбаев 380 доллар, Абдуллаев 160 доллар айып пул төлөөгө милдеттүү. Эки активист тең тагылган күнөөнү моюндарына алган жок.
9-апрелде Алматыдагы "Республика" аянтында өзүн "Элдик парламент" деп атаган топтун митинги болгон. Бул топту бир ай муруңку парламенттик шайлоодо талапкер болуп, өтпөй калган жарандар түзүшкөн. Акция эки саатка созулган. Ага акимчиликтин өкүлдөрү менен полициячылар байкоо салып турган.
Мурдараак 9-апрелдеги тынч митингге катышкан бир канча киши 15 суткага камалган.
Парламенттин депутаттыгына мурдагы талапкерлер Мухтар Тайжан, Лукпан Ахмедяров, Нуржан Алтаев, активист Алнур Иляшев тынч акцияларды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузууга айыпталган.