Ссылки доступа

Иликтөө: Тажикстанда ВИЧ жуктурган аялдар куугунтукка кабылууда


СПИД боюнча евразиялык аялдар түйүнү (EWNA) Тажикстанда ВИЧке чалдыккан аялдар куугунтукка кабылып жатканын аныктады.

Чыгыш Европа менен Борбор Азияда ВИЧ инфекциясын криминалдаштыруу боюнча жарыяланган иликтөөдө төрт өлкөдө – Беларуста, Орусияда, Тажикстанда жана Өзбекстанда ВИЧке чалдыккан секс-кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу фактылары эң көп катталганы айтылат.

Иликтөө 2018-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилди камтыган жана 11 өлкөнүн – Армения, Беларус, Эстония, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Украина жана Өзбекстандын маалыматтарына негизделген. Изилдөөдө Эстониядан башка бул өлкөлөрдүн бардыгында ВИЧке байланыштуу кеңири кылмыш мыйзамдары бар экени белгиленген.

Тажикстанда жабыр тарткан тарап арыз жазбаса жана анын ооруну жуктурганы далилденбесе да, ВИЧ инфекциялуу секс-кызматкерлер камалган жана сот жообуна тартылган учурлар көп. Ошол эле маалда ВИЧке чалдыккан аялдарды көбүнчө сойкуларга теңешет.

EWNA билдиргендей, 2018-2021-жылдардын аралыгында, Тажикстанда “Адамдын иммундук жетишсиздик вирусун жуктуруу” беренеси боюнча 175 айыптоо өкүмү чыккан.

XS
SM
MD
LG