Ссылки доступа

Адвокат: 16 жылга соттолгон каракалпакстандык активист кыйноого кабылууда


Нукустагы жапырт башаламандыкты уюштуруу айыбы менен 16 жылга соттолгон Даулетмурат Тажимуратовдун адвокаты Өзбекстандын президентине, башкы прокуроруна жана ички иштер министрине видеокайрылуу жолдоду.

Адвокат Сергей Майоров өз кайрылуусунда Даулетмурат Тажимуратов ур-токмокко жана кордукка кабылып жатканын айтты:

– Аны 6-апрель күнү Ташкентке алып келишкенде чачын кырып салышкан. Ага карата чыгарылган өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек жана ал күнөөсү далилденген кылмышкер деп эсептелбейт. Бул мыйзамсыздык. Бийлик камерада ага адам чыдагыс шарттарды түзүп берүүгө буйрук берсе керек. Ага пахтасы жок, эски, жыртык төшөнчү, сасык жаздык жана шейшеп беришкен. Мунун баарын аны кемсинтүү үчүн жасашууда. Камераны тазалоого мажбурлашууда, бирок шыпыргы, чүпүрөк, чака беришпейт. Эч нерсе бериштпейт.

Адвокат камерага атайын адамдар киригизилип, алар ага физикалык жана психикалык кысым көрсөтүп, ур-токмокко алып жатканын белгилеген.

Тажимуратовдун адвокаты апелляциялык сот боло электигине жана өкүм күчүнө кире электигине көңүл буруп, президент Шавкат Мирзиёевден Даулетмурат Таджимуратовго кордук көрсөтүүнү токтотууга буйрук берүүнү сурады.

Каракалпакстандын биринчи инстанциядагы соту 31-январда “Эл кызматында” гезитинин адвокаты жана гезиттин мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга эркинен ажыраткан. Ал "Бийликти басып алуу же Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу үчүн кутумга баруу", "Ири өлчөмдөгү каражатты коромжуга учуратуу же уурдоо", "Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу", "Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен коштолгон жапырт башаламандыктарды уюштуруу" жана "Коомдун коопсуздугу менен тартибине коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

XS
SM
MD
LG