Ссылки доступа

Мексиканын экс-президентинин учагы Тажикстанга $92 млн. сатылды (видео)


Тажикстанга сатылган Boeing 787 Dreamliner учагы
Тажикстанга сатылган Boeing 787 Dreamliner учагы

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор өлкөнүн мурдагы башчысынын учагын төрт жарым жыл дегенде араң сатканын билдирди.

"Мексика элине бүгүн президенттик учакты сатуу боюнча келишимге кол коюлганын билдирем", – деп жазды Лопес Обрадор 20-апрелде "Твиттер" баракчасына.

Расмий маалыматтарга ылайык, Boeing 787 Dreamliner үлгүсүндөгү президенттик учак үчүн Тажикстандын бийлиги 1,7 миллиард песо (92 миллион доллар) төлөгөн.

Бул учакка Мексиканын мурдагы президенти Фелипе Кальдерон буйрутма берип, 220 миллион долларга сатып алган. Бирок учак Мексикага өлкөнү кийинки президент Энрике Пенья Ньето башкарып жатканда, 2016-жылы февралда гана жеткирилген. Адистердин айтымында, люкс классына кирген бул лайнер дүйнөнүн мамлекет башчылары колдонгон эң үнөмдүү, заманбап учак деп эсептелинет.

Тажикстандын бийлиги президенттик учактын сатылып алынганы боюнча маалымат бере элек. Аны кайсы тажик авиакомпаниясы сатып алганы да белгисиз.

Президент Лопес Обрадор Boeing 787 Dreamliner учагын колдонуудан баш тартып, коммерциялык каттамдар менен учарын билдиргенден кийин лайнер 2020-жылдан бери кампада токтоп турган.

Маалымат каражаттары 80 жүргүнчүгө ылайыкталган учакты сатуу оңой болбогонун жазды. Associated Press агенттиги эми аны 300гө чейин жүргүнчү ташыган кадимки учакка айландыруу үчүн көп каражат кетерин белгиледи.

2019-жылы Мексиканын президенти лайнерди 130 миллион долларга сатууга аракет кылган, бирок кардар табылган эмес. Мексика бийлиги кезинде аны лотереяда ойнотууну да көздөгөн.

Мексика продала президентский самолет Таджикистану за $92 млн
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00
XS
SM
MD
LG