Ссылки доступа

Москвада сабалган тажикстандык студентке иш козголду


Эмомхусейн Болтаев
Эмомхусейн Болтаев

Москва полициячылары тарабынан катуу сабалып, колу сынган тажикстандык студентке "милиция кызматкерлерине баш ийген эмес" деген айып менен иш козголду.

Ушул тапта Москва архитектуралык институтунун биринчи курсунун студенти Эмомхусейн Болтаев ооруканада: дарыгерлер аны операцияга даярдашууда.

Эмомхусейн 24-апрелде “Озоди” радиосуна билдиргендей, өткөн аптада ага тергөөчүлөр келип, полициячыларга бай ийбөө айыбы менен иш козголгонун кабарлашкан. Студентке оорукананын аймагынан уруксатсыз чыгууга тыюу салынган.

“Өтө оор абалдамын: ооруканадан чыгууга тыюу салынган жана адвокат жалдоого акчам жок”, - деди студент.

Окуя 15-апрелде “Теплый стан” районундагы студенттик жатаканада болгон. Эмомхусейн Болтаевдин айтымында, телефондо катуу сүйлөшүп жатканы үчүн жатакананын администратору аны тилдеген жана кемсинткен.

"Ал мени "чурка" деп, адепсиз сөздөр менен сөгүп, жатаканадан чыгарам деп коркутту. Кийим-кечегимди жыйнап, бөлмөдөн чыгайын деп жатсам, эки полициячы пайда болду. Мен алардан документтерин көрсөтүүнү сурандым, бирок алар мени дароо байлап, жерге жыгышты. Колумду сындырышты, ага карабай сабай беришти. Анан мени полиция бөлүмүнө алып барышып, ал жактан дагы сабашты", — деген 24 жаштагы Эмомхусейн Болтаев.

Эмомхусейн ооруканага эс-учун жоготкон абалда жеткирилген.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги окуядан кабардан экенин айтып, студентке юридикалык жардам көрсөтүлөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG