Мекеменин маалыматына караганда, бул акциянын алкагында калк арасында коомдук транспортто жүрүүнүн, велосипед тебүүнүн жана жөө басуунун артыкчылыктарын үгүттөөгө багытталган көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт.
"Биринчиден бул иш-чара калк арасында дени сак жашоо образын пропагандалоо катары маанилүү болсо, экинчиден жаратылышка уулуу газдын чыгышын азайтып, айлана-чөйрөдөгү туруктуулукту сактоого түрткү болот", – деп жазылган акимчиликтин билдирүүсүндө.
Ошондой эле билдирүүдө "Автоунаасыз күн" акциясы дүйнөдө 1995-жылдан бери өткөрүлүп келери белгиленген.