Ссылки доступа

БУУнун эксперттери памирликтердин куугунтукталышын сындашты (видео)


Эксперты ООН отчитали правительство Таджикистана за репрессии памирцев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

БУУнун Расалык дискриминацияны жоюу комитети Тажикстандагы улуттук азчылыктардын жана этникалык топтордун абалына өз баасын берет деп күтүлүүдө.

Өткөн аптада комитеттин өкүлдөрү тажик өкмөтүнүн расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча аткарган иштерин угуп, бадахшандыктардын абалы, аймактагы чыр-чатак, жана лөлүлөр менен ооган качкындарына байланышкан суроолорду беришкен.

БУУнун өкүлдөрү тажик делегациясынан памир азчылыгы жашаган Бадахшанда эмне үчүн репрессия жана кан төгүү учурлары кайталанып жатканына жооп берүүнү өтүнүштү. Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Абдурахмон Аламшозода аймактагы баш аламандыкка экстремисттик жана террористтик уюмдар менен байланышы бар кылмыштуу топтор себеп болгонун айтты.

"Алар Ооганстандагы "Аль-Каида", "ИМ", "Ансаруллах" жана башка террордук уюмдар менен тыгыз байланышта болгон. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун кылмыштуу топторунун жетекчилери бул террордук топтордун жетекчилери менен телефон аркылуу байланышып турушкан",-деди аткаминер.

2022-жылы май айында Тоолуу Бадахшандын жашоочулары нааразылык акциясына чыгышкан. Алар Гулбиддин Зиёбековду өлтүргөндөрдү жазалоону жана Бадахшандын төрагасы менен Хорог шаарынын мэринин отставкасын талап кылышкан. Акция башаламандык менен коштолуп, бийлик аны күч менен баскан. Аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилип, интернет өчүрүлгөн.

Күч түзүмдөрү менен карапайым тургундардын кагылышуусунан 16 кишинин өмүрү кыйылган. Расмий эмес маалыматтарга караганда, бул сан 30дан ашат. Кийин аймактан чыккан активисттер камакка алынган. Алардын айрымдары узак мөөнөткө эркинен ажыратылса, башкалары чет өлкөлөргө качып кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG