Аталган үч күндүк көргөзмөгө Орусиянын, Өзбекстандын жана башка КМШ өлкөлөрүнүн 300дөн ашык компаниясы катышууда.
Өткөн жылы декабрда Өзбекстан менен Казакстан 2023-жылы 300 миң тонна казак мунайын, Казакстан аркылуу дагы ушунча көлөмдө орус мунайын жеткирүү боюнча макулдашууга кол койгон. Мындан тышкары тараптар газ сактоо жайларын куруу жана модернизациялоо боюнча да макулдашкан.