Ссылки доступа

Кемпир-Абад иши: айыпталуучулар бийликти басып алууга чакырык жасаган деп шектелүүдө


Кемпир-Абад ишинин фигуранттарына дагы бир айып тагылды. Бул жолу алар Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Бийликти күч менен басып алууга  чакыруу" беренелери боюнча айыпталууда.

Бул тууралуу "Азаттыкка" кармалган активисттердин бири Али Шабдандын жубайы Нурайым Сыдыгалиева билдирди.

Анын айтымында, ишке Али Шабдандын Фейсбукта жарыялаган эски постторун тиркешкен. Анда ал өлкөдө казино ачууга каршы чыгып, блогер Ырыс Жекшеналиевди бошотууга үндөгөн.

Активисттерге жаңы айып тагылганын камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун адвокаты Разак Ашимбаев да ырастады. Юрист ал да бийликти басып алууга айыпталып жатканын белгиледи.

"Менимче, алар бардыгына айып тагышат. Бизге айып жөнүндө расмий түрдө маалымдашты, бирок иш менен таанышууга азырынча уруксат бериле элек. Алар кармалгандардын баарынын социалдык түйүндөрүнө экспертиза жүргүзүп, ошонун негизинде айып тагып жатышат", - деди адвокат.

Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренесинде мүлктү конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган. "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо" үчүн 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айыппул же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы бар.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген "Кемпир-Абадды коргоо комитети" жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында жаткан Гүлнара Журабаева, активист Чыңгыз Капаров, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев жана Таалайбек Мадеминов үй камагына чыгарылган.

Бул ишке байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылганы кабарланган. Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган. Калгандары камакта.

Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп айткан.

XS
SM
MD
LG