Ссылки доступа

Венада активисттер Тажикстанда адам укуктары бузулуп жатканын сынга алышты

Тажик оппозициясынын өкүлдөрү Венада өткөн ЕККУнун кошумча жолугушуусунда камактагыларды кыйноого алуу, азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрүнүн укуктарынын бузулушу жана журналисттер менен укук коргоочуларды камакка алуу көрүнүштөрү үчүн Тажикстандын бийлигин сынга алышты.

Европада жашаган тажикстандык саясий активист Вайсиддин Одинаев акыркы убакта Тажикстанда ЖМК өкүлдөрүнө карата басым күчөгөнүн билдирди.

"Эл аралык коомчулук тажик бийлигин журналисттер менен жарандык активисттерди негизсиз камакка алууну токтотууга бир нече жолу чакырышкан. Бирок бийлик эч нерсе болбогондой түр көрсөтүүнү улантууда", – деди Одинаев.

Анын айтымында, Тажикстан бийлиги эч негизсиз эле анын өзүнө да кылмыш ишин козгогон. "Мындан тышкары белгилүү журналист Далери Имомалинин кармалышына анын мени менен сүйлөшкөнү себеп болгонун билдиришти", – деп кошумчалады Одинаев.

Саясий активист Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жашоочуларына карата болуп жаткан репрессияларга токтолуп, ЕККУну бул аймактагы окуяларды иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзүүгө чакырды.

Дагы бир тажикстандык саясий активист Аслиддин Шерзамонов Тажикстандагы азчылыктардын, анын ичинде памирликтердин укуктары бузулуп жатканын билдирди. Активисттин айтымында, учурда анын онго жакын тууганы абакта отурса, белгилүү оппозициячы эсептелген атасы кылмышкер деп жарыяланган.

"Соттолгон тоолуу бадахшандык активисттер отурган абактарда эмнелер болуп жатканы белгисиз. Ошондуктан Эл аралык кызыл чырым уюмун түзөтүү абактарына барып, алар менен жолугуп чыгууга чакырабыз", – деди Шерзамонов.

Өзүнүн аты-жөнүн жана ээлеген кызматын айтпаган тажик өкмөтүнүн өкүлү Душанбе адам укуктарын сактоо боюнча бардык эл аралык милдеттенмелерин аткарып жатканын билдирди.

"Тажикстанда кыйноого алууга тыюу салынган. Бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мен бул жерде менин өлкөмө карата айтылган каралоолордун баарын четке кагам", – деди ал.

XS
SM
MD
LG