Ссылки доступа

Тажикстандыктар интернеттин сапатына нааразы


Тажикстанда интернеттин ылдамдыгы начар бойдон калууда. Былтыр декабрда өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон парламентке жолдогон кайрылуусунда интернеттин абалын сынга алган.

"Негизинен туристтер кайда барат? Интернет жакшы жерге барат", - деген президент. Рахмон өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматына мобилдик операторлор жана интернет-провайдерлер менен чогуу интернеттин сапатын жакшыртууга, баасын төмөндөтүүгө багытталган чараларды кабыл алууну тапшырган.

Байланыш кызматы интернеттин ылдамдыгын жогорулатып, бааны арзандатууну убада кылган. Мекеме 4G үчүн Тажикстанга 450 базалык станция келиши керектигин билдирген.

Адистердин айтымында, Рахмондун тапшырмасы төрт ай мурун берилгенине карабай, интернеттин абалы жакшырган жок.

Өткөн аптада парламенттин төмөнкү палатасында интернеттин сапаты талкууланган. Байланыш кызматынын башчысынын орун басары Илхом Атоев атайын штаб түзүлгөнүн, өлкөдө интернеттин ылдамдыгы 100 гб/с жогорулаганын билдирген.

Бирок депутаттар интернеттин ылдамдыгы аймактарда эмес, Душанбенин борборунда да төмөн бойдон калып жатканына нааразы болушкан. Алар айрым учурда чет өлкөлөрдө жашаган туугандары менен мессенжер аркылуу байланышууга да мүмкүн болбой калып жатканын айтышкан.

“Тажиктелеком” компаниясы Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматына таандык. 2018-жылдан бери Интернетти Тажикстанга жеткирген жалгыз компания болуп эсептелет.

Дүйнөлүк банк “Тажиктелекомду” Байланыш кызматынан бөлүүнү сунуштаган. Тажик бийлиги буга кулак төшөгөн эмес. Расмий маалыматка караганда, бул өлкөдө интернет колдонуучуларынын саны 4,2 млн. кишини түзөт.

XS
SM
MD
LG