Ссылки доступа

“Азаттыктын” иши: Экспертиза эки суроого так жооп бере алган жок


“Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон видеоматериал боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис 26-апрелдеги соттук отурумда анын алдына коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирди.

Лингвист эксперт Жийде Семенова ал суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айтты.

Адвокат Тимур Султанов буга байланыштуу доогер тараптын “Азаттыкка” каршы арызын четке кагууга чакырды.

“Урматтуу судья, сиз экспертиза дайындап жатканда “Бул видеоматериалда улут аралык кастыкты козутуунун жана согушка үгүттөөнүн лингвистикалык белгилери барбы?” деген эки так суроо коюлган. Лингвист эксперт бул суроолорго жооп бере алган жок. Биз азыр баарыбыз анын “Бул эки суроого мен жооп берген жокмун, себеби алар менин компетенцияма кирбейт” деген ачык жана так жообуна күбө болдук. Ошондуктан доо арыз эч негизсиз жана аны четке кагуу зарыл. Анткени доогер тараптын “Эгер ЖМК согушка үгүттөгөнү аныкталса, аны жабуу керек” дегенин бүгүнкү эксперт корутундусу менен да, көрсөтмөсү менен да бекемдеп бере алган жок”.

Доогер тарап – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өз жүйөлөрүн келтирди. Кийинки отурум 27-апрелге дайындалды. Лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сотко 24-мартта министрлик кайрылган.

"Азаттыктын" адвокаттары мындай экспертизаны дайындоого каршы болуп, министрлик бул маселени сайтты бөгөттөөгө чейин тактап алууга тийиш болгонун белгилешкен жана бул иш боюнча кылмыш иши козголбогондон кийин мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин айтышкан.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.

Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин "Азаттыктын" ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG