Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө мунайчылар туруктуу иш талап кылууну улантышууда


Жаңы-Өзөндө “Өзенмунайгаз” компаниясынын алдында туруктуу жумуш талап кылып турган мунайчылар кайрадан бийликке видеокайрылуу жолдошту. Алардын кайрылуусу 26-апрелде жарыяланды.

Мунайчылар компанияга жумушка орноштурууну, татыктуу маяна төлөп берүүнү, Жаңы-Өзөндөгү мунайгаз ишканаларын текшерүүнүн жыйынтыктарын ачык жарыялоону, Кытайга визасыз режим киргизүүдөн баш тартууну талап кылышты.

Өткөн аптада жаңы-өзөндүк жумушчулардын нааразылыгынан кийин аймактагы мунайгаз ишканаларынын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынган. Көп өтпөй “Өзенмунайгаз” менен “БерАли Мангистау” компаниясынын аткаминерлерине карата иликтөө иштери башталганы кабарланган.

“Эмне үчүн алар текшерүүнү жарыялашпайт, бардыгын ачык-айкын айтышпайт? Эмне үчүн маалымат жарыяланбайт? Ачыктык жок”, - деди жумушчулардын бири Есенжан Абдирахимов.

10-апрелде "Берали Маңгыстау" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери башкалаага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Алар аткаминерлерге жана "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айткан. Бирок ал күнү эч ким жолуккан жок. Мунайчылар сыртта түнөп калган. 11-апрелдин кечинде Астананын полициясы маңгыстаулук жумушчулардын баарын күч менен кармап кеткен. Эртеси алар бошотулуп, поезд менен Маңгыстауга жөнөтүлгөн.

Жаңы-Өзөнгө кайткан жумушчулар туруктуу жумуш талап кылууну улантышууда.

XS
SM
MD
LG