Ссылки доступа

Түркияда өзбек акын оппозиционери Мухаммад Салихтин китеби жарык көрдү


Стамбулда өзбек поэзиясынын чыгаан өкүлдөрүнүн бири Мухаммад Салихтин 12 томдук жыйнагы жарык көрдү.

Жыйнак “Куллиёт” деп аталат жана акындын ырлары камтылган. Арасында маектер, түрк жана батыш адабиятынан котормолор, акындын орус тилиндеги ырлары жана макалалары, Мухаммад Салихтин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу макалалар камтылган.

“Куллёттун” уникалдуу жактарынын бири — латын арибинин жаңы интерпретациясында басылганында.

Акын жана саясатчы Мухаммад Салих 1991-жылы декабрда Өзбекстанда өткөн биринчи президенттик шайлоодо Ислам Каримовдун атаандашы болгон. Саясий кысымдан улам ал 1993-жылы Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Салих ошондон бери бозгунда.

Өзбек соту аны 1999-жылы Ташкенттеги жардыруу үчүн айыптап, сыртынан узак мөөнөткө эркинен ажыраткан. 2001-жылы декабрда Прага соту Мухаммад Салихти экстрадициялоо өтүнүчүн четке каккан.

2017-жылы өзбек интеллигенция өкүлдөрү президент Шавкат Мирзиёевден акын жана саясатчы Мухаммад Салихти актоону өтүнүшкөн. Бийлик бул өтүнүчтү жоопсуз калтырган.

XS
SM
MD
LG