Ссылки доступа

Казакстанда маянаны жогорулатууну талап кылган 100дөн ашык мунайчы иш таштады


27-апрелде Актөбө облусунун Муголжар жана Темир райондорунда казак-кытай биргелешкен "Батыс-Мунай" компаниясынын 100дөн ашык жумушчусу маянаны жогорулатуу талабы менен иш таштады.

Муголжар районунда иш таштаган жумушчулар менен район акиминин орун басары Рустам Ахметов жолукту.

"Бул маселени "Батыс-Мунайдын" өкүлдөрү жер-жерлерде чече алышпайт. Ошондуктан Актөбөдөгү кеңсесинен жетекчилиги келет деп күтүп жатабыз. Мунайчылар маянаны 100 пайыз жогорулатууну талап кылууда. Алардын айтымында, айлыктары 200 миң теңгеге жакын (440 доллар)", – деди Ахметов "Азаттыктын" казак кызматына.

Бул күнү Темир районундагы "Батыс-Мунай" иштетип жаткан Кумсай жана Мортык кендеринде да иш токтоду. Жумушчулардын айтымында, түнкү жана күндүзгү нөөмөттөгү 105 мунайчы айлыктарды жогорулатууну талап кылып, ишке чыгуудан баш тартышкан.

Актөбө облустук акимчилиги "Батыс-Мунай" компаниясынын жумушчулары иш таштаганын ырастап, бирок ал боюнча комментарий берген жок.

Казакстандын мунай-газ кендери көп батыш аймактарында бул тармакта иштеген жумушчулар эмгек маселелерине байланыштуу талаптар менен иш таштаган учурлар байма-бай катталып турат.

XS
SM
MD
LG