"Прокуратура кызматкерлери иш бөлмөмө кирип келип, бардык каржылык жана башка документтерди алып кетишти. Көп өтпөй мага жана кол алдымда иштеген кызматкерлерге "Документ жасалмалоо", "Алдамчылык" жана "Экстремизм" беренелери боюнча кылмыш ишин козгошту", – деди Валиев.
Активист бул айыптоолорду четке кагууда.
"Март айында прокуратура кызматкерлери мени ресторанда отурган жеримен кармап кетип, 16-17 саат суракка алышкан. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өзүн Фируз Сирожиддинзода деп тааныштырган өкүлү мага каршы Кылмыш кодексинин 10дон ашык беренеси менен кылмыш иши козголгону жазылган расмий кагазды көрсөткөн. Арасында "Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо" жана "Терроризм" беренелери болгон. Сурактан кийин белгилүү бир аймактан чыкпоо жөнүндөгү тилкат менен бошотушкан", – деди Валиев.
Анын айтымында, учурда кол алдында эмгектенген төрт кызматкердин иши боюнча соттук процесс уланууда. "Алар экономикалык кылмыштарга айыпталып жатат. Мага белгилүү болгондой, прокуратурада эч кандай далилдер жок. Менде алардын жана өзүмдүн күнөөсүз экенин далилдеген бардык документтер менен видеоматериалдар бар. Бирок тергөө тобунун башчысы аларды иштин материалдарына тиркөөдөн баш тартууда", – деди активист.
Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын башчысынын мурдагы орун басары Собир Валиев мекенине 2020-жылы кайтып келген. Анын алдында тажик бийлиги активистке каршы "Экстремисттик ишмердүүлүккө чакырык жасоо" жана "Экстремисттик топ түзүү" беренелери боюнча козголгон кылмыш иштери токтотулганын билдирген.
Көп өтпөй Валиев бизнесин Тажикстанга көчүрүп келген. Ал жетектеген "Девори жахон" (Wall World) компаниясында 30 киши иштейт.