Ссылки доступа

Казакстанда активист Улболсын Турдиева 20 суткага камалды


Жарандык активист, Femina Vertute кыймылынын укук коргоочусу Улболсын Турдиева Актау шаардык сотунун административдик чечими менен 20 суткага камалды. Активист саясий негизде камалганынын айтып, ачкачылык жарыялады.

Сот аны "Жалаа жабуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

#БелсенділерЭкстремистЕмес Телеграм-каналынын кабарлашынча, болжол менен эки ай мурун активист түз эфирге чыгып, "Z" белгиси бар (Орусиянын Украинадагы согуштук белгиси) дүкөн ээсине каршы даттанган. Өз кезегинде дүкөн ээси Турдиевага каршы арыз жазып, аны жалган жалаа жабууга айыптаган. Административдик иш козголуп, анын негизинде активист камалды. Телеграм-каналдын маалыматына караганда, полиция Турдиеванын арызын караган эмес.

Дүкөн ээси "Азаттыкка" Aizere аттуу дүкөндүн логотиби 16 жылдан бери турганын, дүкөн аталышынын "согушка катышы жоктугун" айтты.

Казакстандын ар кыл шаарларында жарандык активисттер Украинаны колдогон жана Казакстанды ЖККУдан чыгууга чакырган тынч митингдерди өткөрүүнү пландоодо.

Мурдараак бир катар аймактардын активисттери жергиликтүү акимчиликтер тынч митинг өткөрүүгө уруксат бербей жатканын кабарлашкан. Акимчиликтин расмий жоопторунда 1-майда "башка иш-чаралар өтөрү" жазылган.

XS
SM
MD
LG