Ссылки доступа

"Озоди": УКМКнын Хорогдогу бөлүм башчысы атайын операция учурунда өлтүрүлдү


Ооганстан чек арасындагы операция учурунда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Хорогдогу бөлүм башчысы Комрон Раджабзода өлтүрүлдү.

Окуя 28-апрелге караган түнү болгон. Бул тууралуу "Озоди" радиосунун эки булагы билдирди.

"Комрон Раджабзода операция учурунда белгисиз кишилер тарабынан өлтүрүлдү", - деди алардын бири.

28-апрель күнү түнкү саат 01:30да 8 кишиден турган куралдуу топ – Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Барпанж айлынын тургундары маңзат, курал-жарак жана ок-дары ташып өтүү максатында "Хорог" чек ара аскер бөлүгү кайтарган чек ара линиясын кесип өтүшкөн. Бул тууралуу "Ховар" агенттиги Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскер башкармалыгына шилтме жасоо менен билдирген.

"Аткезчилер тажик чек арачыларынын багынып берүү буйругуна баш ийбей, ок чыгарышкан. Аларга каршы атылган окко туруштук бере албаган кылмышкерлер окуя болгон жерге баңгизаттарды, курал-жарактарды жана ок-дарыларды ыргытып, караңгыдан пайдаланып Ооганстан тарапка качып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде ооган аткезчилеринин 3 шериги кармалды — алардын баары Тажикстандын жарандары.

Тажик Чек ара аскер башкармалыгынын басма сөз кызматы атышуу учурунда бир тажик аскер кызматкери набыт болгонун белгилеген. Маркумдун өздүгү тууралуу маалымат айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG