Ссылки доступа

Сауд Арабиясы Судандан 198 кишини, анын ичинде өзбекстандыктарды эвакуациялады


Сауд Арабиясы согуштук аракеттер жүрүп жаткан Судандан өзүнүн беш жана дагы 10 өлкөнүн 198 жаранын эвакуациялады. Бул тууралуу саудиялык SPA агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, эвакуацияланган адамдар учак менен Жидда шаарына 26-апрелде жеткирилген. Алардын арасында Орусиянын, Улуу Британиянын, Кытайдын, АКШнын, Өзбекстандын, Йемендин, Сингапурдун, Камбоджанын, Малайзиянын жана Пакистандын жарандары бар. Агенттиктин билдирүүсүндө бул өлкөлөрдүн ар биринин канчадан жараны эвакуацияланганы так жазылган эмес.

Суданда согуштук аракеттер башталган 15-апрелден бери Сауд Арабиясы бул өлкөдөн жалпысынан 2 351 кишини эвакуациялады. Алардын 119у саудия жарандары болсо, калганын дүйнөнүн 67 өлкөсүнүн 2 232 жараны түзөт.

Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген "Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу дээрлик эки аптадан бери уланууда. Буга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Суданда 15-апрелден бери 459 киши өлүп, 4 миңден ашык адам жаракат алды.

XS
SM
MD
LG