Ссылки доступа

Маңгыстау: айдоочулардын нааразылыгы уланууда


Жүздөн ашык казакстандык оор жүк ташуучу унаалар Актау-Жаңы-Өзөн унаа жолунун четинде токтоп турушат. Айдоочулар дизелдин кымбаттоосуна макул эмес.

Нааразылык акциясына Маңгыстау облусунан жүздөн ашуун айдоочу катышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына активист жана блогер Бахтияр Дүйсембай билдирди.

”Жума күндөн бери митингге чыккандардын саны көбөйдү. Дагы жүк ташуучу унаалар келди”, - дейт ал.

Дүйсембайдын айтымында, митингчилер бийликке 11 талап коюп, видеокайрылуу жолдошту. Айдоочулар азык-түлүктүн кымбаттыгына, жумушсуздукка, эмгек акынын аздыгына макул эмес.

Башында айдоочулардын негизги талабы – дизель майынын мурдагы баасын калыбына келтирүү, эл аралык жүк ташууга уруксат алуу эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү экени кабарланган.

Жекшемби күнү акция өтүп жаткан жерди полициячылар көзөмөлдөп, автозактар токтоп турду.

12-апрелде Казакстанда мунай өнүмдөрү кымбаттаган. АИ-92 жана АИ-93 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 182-187ден 205 теңгеге чейин көтөрүлгөн; дизель майынын литри 230-260 теңгеден 295 теңгеге чейин жогорулаган. Бийлик бензинге жана дизелдик отунга жаңы чекене бааны белгилөө зарылдыгын мунай өнүмдөрүн коңшу өлкөлөргө ташып кетүүнү азайтуу жана ички рыноктогу суроо-талапты канааттандыруу аракети менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG