Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшанга жайгаштырылган күч кызматкерлери Душанбеге кайтышты


Маңзат аткезчилеринин алдын алуу максатында Тоолуу Бадахшан автоном облусуна жайгаштырылган Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн тобу туруктуу жайгашкан жерлерине кайтууда.

“Озоди” радиосунун журналисти 29-апрелде Душанбе-Бадахшан трассасында Душанбеге кайтып келе жаткан аскердик унаалардын кербенин көргөн. Бир жума мурун Ооганстан менен чек арада аткезчилер менен атышуу болгондо Бадахшанга кошумча күч киргизилген. Анда жогорку кызматтагы тажик офицери өлтүрүлүп, маңзат ташыган үч адам кармалган.

28-апрелде 8 кишиден турган куралдуу топ – Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Барпанж айлынын тургундары маңзат, курал-жарак жана ок-дары ташып өтүү максатында "Хорог" чек ара аскер бөлүгү кайтарган чек ара линиясын кесип өтүшкөн.

"Аткезчилер тажик чек арачыларынын багынып берүү буйругуна баш ийбей, ок чыгарышкан. Аларга каршы жасалган чабуулга туруштук бере албаган кылмышкерлер окуя болгон жерге баңгизаттарды, курал-жарактарды жана ок-дарыларды ыргытып, караңгыдан пайдаланып Ооганстан тарапка качып кетишкен", - деп билдирүү тараткан Тажикстандын атайын кызматы.

Атышуу учурунда Тажикстан УКМКсынын Хорогдогу бөлүм башчысы Комрон Раджабзода өлтүрүлгөн.

Тажикстан дүйнөдөгү эң ири маңзат өндүрүүчү болгон Ооганстан менен 1300 чакырымга созулган жалпы чек араны бөлүшөт. Чек арада аткезчилер менен кагылышуулар жыл сайын болуп турат.

XS
SM
MD
LG