Ссылки доступа

Эрдоган: Түркия чалгыны Сирияда ИМдин башчысын жок кылды


ИМдин желегин көтөргөн согушкер. Архив сүрөт
ИМдин желегин көтөргөн согушкер. Архив сүрөт

Түркия чалгыны Сирияда "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмунун башчысы Абу аль-Хусейн аль-Курейшини жок кылды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 30-апрелде TRT Turk телеканалынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аль-Курейшини жок кылуу операциясы Сирияда 29-апрелде жүргүзүлгөн. "Түрк чалгыны аны узак убакыт бою аңдып жүргөн. Анкара бардык террордук уюмдарга каршы күрөштү улантат", – деди Эрдоган.

Ал ортодо "Рейтер" агенттиги өз булактарына таянып, Абу аль-Хусейн аль-Курейшини жок кылуу операциясы Сириянын түндүгүндөгү Жандарис шаарына жакын жерде болгонун кабарлады. Жергиликтүү тургундар агенттикке шаарда атышуулардын жана жарылуунун үнү угулганын айтып беришкен.

2022-жылы февралда АКШнын президенти Жо Байден америкалык аскерлер Сирияда ИМдин башчысы Абу Ибрагим аль-Хашими аль-Курейшини өлтүргөнүн билдирген. Анда уюмдун жаңы башчысы болуп Абу Хасан аль-Хашими аль-Курейши тандалганы кабарланган. Бирок ИМ ошол эле жылы декабрда ал каза болуп, ордуна Абу Хусейн аль-Хашими аль-Курейши дайындалганын билдирген.

"Ислам мамлекети" 2010-жылдын ортосунан бери Ирактын жана Сириянын кыйла бөлүгүн көзөмөлдөп турган. АКШ менен өнөктөштөрүнүн, Ирак армиясынын, Түркиянын, Орусия колдогон Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн жана сирия оппозициясынын аракети менен уюм өз позициясын жоготуп, партизандык согушка өткөн. Бүгүнкү күндө ИМ Ирак менен Сирияда кандайдыр бир калктуу конуштарды көзөмөлдөбөйт. Учурда уюмдун тарапташтары Африкада жана Ооганстанда куралдуу күрөштү улантууда.

XS
SM
MD
LG