Ссылки доступа

"КазМунайГаз": Жаңы-Өзөндөгү мунай компанияларында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды


Мунайчылардын нааразылыгынан кийин Жаңы-Өзөн шаарына барган "КазМунайГаз" компаниясынын жумушчу тобу "Өзенмунайгаз" ишканасында жана ага кызмат көрсөткөн уюмдарда ондогон мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди

"КазМунайГаздын" сайтына жарыяланган маалыматка караганда, "Өзенмунайгазда" жасалма ишке орноштуруу учурлары (төкмө акын алгач теолог, кийин коомчулук менен байланыш кызматында иштегени жазылган), аткарылган иш үчүн төлөмдөрдүн жогорулатылганы, мунай өндүрүү жабдууларынын ижара акысы көбөйтүлүп көрсөтүлгөнү жана 1,5 миллиард теңгеге 14 даана агрегат сатылып алынып, бирок иш жүзүндө алардын бирөө гана орнотулганы аныкталган.

"Өзенмунайгазга" кызмат көрсөткөн айрым уюмдар пенсиялык төлөмдөрдү 2-3 айга кечиктиргени, жумушчулар атайын кесиптик кийимдер жана тамак-аш менен камсыз кылынбаганы да белгилүү болду", – деп жазылган "КазМунайГаздын" билдирүүсүндө.

Мекемеден бул фактылардын ар бири боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, бардык жооптуу адамдар жоопкерчиликке тартыларын билдиришти.

Мунайчылардын нааразылык акцияларынан кийин Жаңы-Өзөнгө барган атайын комиссия аймактагы эмгек жамааттары менен жолугуп, каржы-чарбалык иштер боюнча отчёттук документтер менен таанышууда.

21-апрелде "Өзенмунайгаз" жана мурдагы жумушчулары Астанага чейин барып акция өткөргөн "БерАли Мангистау Company" компанияларынын кызматтык адамдарына карата тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланган.

"БерАли Мангистау Company'нин" кыскартууга кабылган жумушчулары апрелдин башында туруктуу жумуш талап кылып Жаңы-Өзөндө нааразылык акциясын баштаган. Андан соң алар Астанага барып, бийлик өкүлдөрү менен жолугууга аракет кылышкан. 11-апрелде полиция кызматкерлери мунайчыларды кармап, 12-апрелде поезд менен кайра Маңгыстау облусуна салып жиберишкен.

Астанадан кайткан мунайчылар Жаңы-Өзөндө туруктуу жумуш берүү талабы менен наарызылык акциясын кайра улантышкан.

XS
SM
MD
LG