Ссылки доступа

Башкы прокуратура Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бергенин билдирди


Башкы прокуратура үй камагына чыккан "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бергенин билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1 млрд. 146 млн. 449 миң 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Учурда келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн. 512 мин 858 сому Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Көзөмөл орган Тенгиз Бөлтүрүк канча сумма төлөгөнүн тактаган жок. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын калган бөлүгүн өндүрүү иш-чаралы жүрүп жатканы айтылат.

30-апрелде "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылган.

12-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жалпы жыйынында "Кумтөр" ишканасындагы коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берип, тергөөдө мамлекеттик казынага жалпы 1 млрд. 146 млн. сом зыян келтирилгени аныкталып, анын 80% өндүрүлгөнүн маалымдаган.

"Төрт кылмыш иши козголуп, 1 млрд. 146 млн. 449 миң сом зыян келтирилген. Бүгүнкү күндө аталган зыяндын 830 млн. сому өндүрүлдү. Камактагы төрт кызматкердин экөө үй камагында. Ал эми Тенгиз Бөлтүрүктү кайрадан суракка чакырды. Ал башынан бери сурак берүүдөн баш тарткан", - деген Зулушев ким канча төгүп, үй камагына чыкканын тактаган эмес.

Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү, "Кумтөрдүн" ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловду кармаган. Ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда "Манас" эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

Бөлтүрүк буга чейин бир нече жолу билдирүү таратып, күнөөсүз экенин айткан.

XS
SM
MD
LG