Ссылки доступа

Алишер Усманов Германияда арам акчаны адалдоого айыпталууда


Германияда "Салыктан качуу" жана "Арам акчаны адалдоо" беренелери боюнча шектелип жаткан өзбек тектүү орусиялык олигарх Алишер Усмановдун ишине байланыштуу "Бавария" футболдук клубунун кеңсесиндеги тинтүү – саясий куугунтук болуп эсептелет. Бул тууралуу миллиардердин басма сөз кызматы билдирди.

Bild басылмасы кабарлагандай, Усманов менен немис футболунун топ-менеджери, "Бавария" клубунун мурдагы президенти Ули Хенесстин байланышы бар. "Алар бири-бирин тааныйт. Анткени экөө тең курорттук Тегернзе шаарына көп барчу. Орусиялык ишкер ал жерге 2022-жылдын март айына чейин байма-бай каттап турган", – деп жазды Bild.

Майндагы Франкфурт (орусчасы Франфурт-на-Майне) шаарынын прокуратурасы "Бавария" клубуна жана анын жооптуу адамдарына карата эч кандай тергөө иштери жүрбөгөнүн билдирди. Бул маалыматты футболдук клубдун өзү да ырастады.

Bild басылмасынын билдирүүсү боюнча комментарий берген Алишер Усмановдун өкүлү тергөө иштерине эч кандай негиз жок экенин билдирди. "Биз буга чейин айткандай эле мындай шектенүүлөр негизсиз. Акча адалдоо же салыктан качуу боюнча божомолдун баары жалган жана Усманов мырзанын аброюну шек келтирүүгө багытталган", – деди ишкердин өкүлү.

Европа биримдиги (ЕБ) 2022-жылы февралдын аягында "Украинанын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн бузууга көмөктөшкөн" орусиялык ишкерлер, аткаминерлер жана маданият ишмерлери менен бирге Усмановду да кара тизмеге киргизген. Алардын баарына ЕБдин аймагына кирүүгө тыюу салынып, активдери камакка алынган.

Быйыл 29-апрелде Усманов өзүнүн ЕБдин санкциялык тизмесине киргизилиши боюнча Европа сотуна доо арыз менен кайрылган. Бирок Bild гезити кабарлагандай, сот анын доо арызды тездетилген тартипте кароо тууралуу өтүнүчтү четке какты.

XS
SM
MD
LG