Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, өрт 1-майда чыккан.
Жаңыжол газ иштетүү заводундагы өрт тууралуу кабар “112” номерине 1-майда саат 15,55те түшкөн. Актөбө облустук өзгөчө кырдаалдар департаменти жеңил көмүр суутектүү орнотмо өрттөнгөнүн кабарлады. Жалын 2-май күнү саат 6.30 чамасында толук өчүрүлгөн.
“Күйүк алган 4 жумушчу Темир районундагы борбордук ооруканага жаткырылган. Жабырлануучулардын абалы оор, бирок туруктуу”, - деп айтылат акимчиликтин маалыматында.
Ыкчам штаб түзүлдү. Өрттүн себептери аныкталууда.