Ссылки доступа

Өзбекстанда ажылыкка турагенттер аркылуу баргандарга айып пул салынары эскертилди


Туристтик компаниялар же агенттиктер ажылык сапарды уюштура албайт. Сауд Арабиясына алардын көмөгү менен баргандарга санкция салынат. Бул тууралуу Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен Дин иштери боюнча комитет билдирди.

Диний мекемелердин мындай маалыматы соцтармактарда ажылык сапарды уюштуруу кызматы жөнүндө жарнамалар көбөйүп кеткен тушта жарыяланды.

Комитеттин маалыматына караганда, өзбек өкмөтүнүн токтомуна ылайык, ажылык сапарды уюштуруу иши өкмөттүн Дин иштери боюнча комитетине жана Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жүктөлгөн.

“Сауд Арабиясынын мыйзамдарына ылайык, ажылык сапар дүйнө өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу уюмдары менен министрликтеринин ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылат. Сауд Арабиясынын аймагында ажылык жасоонун тартибин бузгандарга бул өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде жаза колдонулат. Аларга Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндө намаз окууга мүмкүнчүлүк берилбейт. Натыйжада алар ажылыктын негизги шарттарын аткара алышпайт”- деп айтылат расмий билдирүүдө.

Комитеттин маалыматы боюнча “мыйзамсыз зыяратчылар” Сауд Арабиясынан чыгарылып, бул өлкөгө кирүүгө 10 жылга тыюу салынат жана 100 миң сауд риалы же 26 миң доллар айыпка жыгылат.

XS
SM
MD
LG