Ссылки доступа

Алматыда сот Январь окуясында каза тапкан беш кишини күнөөлүү деп тапты


2-майда Алматыдагы Бостандык райондук соту Январь окуясында набыт болгон беш кишини күнөөлүү деп тапты.

Серик Керимов, Канат Аубакиров, Нурболат Касымжанов, Аслан Уалиев, Шынгыс Тастанбеков Алматы акимчилигине кол салууга айыпталган. Бул тууралуу Тhe Qazaq Times басылмасы билдирди.

Сот Тастанбековго “жапырт башаламандыкка катышты” деген айып такса, Керимов, Аубакиров, Касымжанов жана Уалиев “жапырт башаламандыкка катышты”, “мамлекеттик имаратка чабуул жасады” деп күнөөлөндү.

Сотто прокурор маркумдар Алматы акимчилиги менен президенттин резиденциясына чабуул жасаганын айтты.

Маркумдардын туугандары соттун өкүмүнө макул эмес жана жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылат.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

Быйыл февралда Таразда Январь окуясына байланыштуу тогуз айыпталуучуга өкүм чыккан. Алардын бешөө окко учуп өлгөн. Калган төртөө тагылган айыптарды четке каккан. Маркумдардын туугандары иликтөө адилетсиз жүргөнүнө нааразы болушкан.

XS
SM
MD
LG