Ссылки доступа

Ооган жараны Рахмондон түрмөдөгү күйөөсүн талибдерге өткөрүп берүүнү сурады


Ооган жараны тажик абагында жазасын өтөп жаткан күйөөсүн талибдердин өкмөтүнө өткөрүп берүү өтүнүчү менен Тажикстан президентине кат жазды.

Ооганстандын Кундуз провинциясынын тургуну, 41 жаштагы Азизулло Муроди былтыр жайында Тажикстандын Шаартуз районунда кармалган. Кийинчерээк сот аны тажик-ооган маңзат аткезчилер түйүнү менен кызматташууга айыптап, 17 жылга эркинен ажыраткан. Азизулло Муроди жазасын Хожент колониясында өтөп жатат.

Анын жубайы Сахрагүл Абдукарим президент Эмомали Рахмонго жолдогон катында күйөөсү мындан аркы жаза мөөнөтүн Ооганстанда өтөшү керектигин айтып, аны мекенине өткөрүп берүүгө көмөктөшүүнү суранат.

Ал катта Азизуллонун он баласы бар экенин, чек ара жабылганына байланыштуу алар Хожент колониясындагы атасына бара албай жатканын жазган.

Тажик бийлиги да, талибдердин өкмөтү да катка реакция жасай элек.

2010-жылы Тажикстан Ооганстандын мурдагы өкмөтү менен туткундарды алмашуу боюнча келишим түзгөн. 2019-жылы тажик бийлиги жергиликтүү түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткан 48 ооган жаранын Кабулга өткөрүп берген. Алардын басымдуу бөлүгү маңзат аткезчилиги үчүн соттолгон. Өз кезегинде Кабул Душанбеге бир нече тажик жаранын өткөрүп берген.

Ар кыл маалыматка караганда, тажик түрмөлөрүндө 100дөн ашык ооган жараны бар.

XS
SM
MD
LG