Ссылки доступа

АКШнын элчиси Тажикстанды сөз эркиндигин сыйлоого жана ЖМКларга колдоо көрсөтүүгө чакырды


АКШнын Тажикстандагы элчиси Мануэль Микаллер тажик өкмөтүн сөз эркиндигин сыйлоого жана ЖМКларга колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу элчи 3-майда Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата Душанбеде өткөн иш-чарада билдирди.

"Көз карандысыз ЖМКлар демократияны өнүктүрүүдө, жемкорлукка каршы күрөшүүдө жана коомго туура маалымат берүүдө чынында эле маанилүү ролду ойнойт. Сөз эркиндиги – америкалык гана баалуулук эмес, ал бүткүл дүйнөнүн баалуулугу", – деди Микаллер.

Элчи өткөн жылы Тажикстанда бир нече журналист кармалып, жабык жараяндарда узак мөөнөттөргө соттолгонун белгиледи. Анын айтымында, журналисттер менен ЖМКлар өздөрүнүн профессионалдык милдеттерин аткарганы үчүн басымга жана коркутууга кабылбашы керек.

Иш-чарага катышкан Тажикстандын Маданият министрлигинин өкүлү Рахмонали Шералиев өлкөдө ЖМКлардын өнүгүшү үчүн "бардык укуктук негиздер бар экенин жана тиешелүү шарттар түзүлгөнүн" билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Зарина Исмоилзода Тажикстандагы ЖМКлардын 75% көз карандысыз, 25% гана мамлекеттик экенин билдирди. Анын айтымында, өлкөдө чет өлкөлүк ЖМКлардын 60 журналисти аккредитациядан өткөн.

Ошол эле маалда "Озоди" радиосунун журналисттери бир нече жылдан бери Тажикстанда аккредитация алууда кыйынчылыктарга кабылып келишет.

Тажикстанда былтыр "тыюу салынган уюмдарга мүчө болуу" айыбы менен сегиз блогер жана журналист кармалып, алардын жетиси узак мөөнөттөргө соттолгон. Кармалгандардын баары тагылган айыптарды четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG