Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө туруктуу жумуш талап кылган тургундар ачкачылык жарыялады


Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында бир айдан бери туруктуу жумуш менен камсыз кылууну талап кылып, акимчилик алдында акция өткөрүп жаткан тургундар ачкачылык жарыялашты.

"Азаттыктын" казак кызматы чыгарган видеодо тургундардын бири ачкачылык жарыялоого алардын талаптары аткарылбаганы себеп болгонун айткан.

Жаңы-Өзөндүн жумушсуз калган тургундары 1-апрелден бери шаардык акимчиликтин алдына чогулуп, туруктуу жумуш табууга көмөктөшүүнү талап кылууда. Жергиликтүү бийлик аймакта бош жумуш орундары жок экенин айтып, бир нече жолу алардын талаптарына терс жооп берген.

20-апрелде акцияга чыккан тургундар өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге видеокайрылуу жасап, акимчиликтин алдында түнөшкөн.

Өткөн жумада Жаңы-Өзөндүн жашоочулары шаардагы "Өзенмунайгаздын" кеңсесинин фонунда видеокайрылуу жасап, иш менен камсыз кылууга байланыштуу бир нече талаптарын айтышкан. Алардын арасында туруктуу жана жетиштүү айлыгы бар компанияга жумушка орноштуруу жана Жаңы-Өзөндөгү мунайгаз ишканаларын текшерүүнүн жыйынтыктарын ачык жарыялоо талаптары болгон. Атайын түзүлгөн жумушчу топ майдын башында Жаңы-Өзөндөгү мунай компанияларында ондогон мыйзам бузуулар аныкталганын билдирген.

XS
SM
MD
LG