3-майда жарыяланган индексти түзүүдө "Чек арасыз кабарчылар" 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттарды, абалды анализдеп чыккан. Жыйынтыгында уюм 31 өлкөдө кырдаал "өтө оор", 42 мамлекетте "кыйын", 55 өлкөдө "көйгөйлүү" жана 52синде "жакшы" же "канааттандырарлык" деген бүтүмгө келген.
Баяндамада авторлор Борбор Азиянын жалпы көрсөткүчтөрү начарлаганын белгилешкен. Казакстан - 134, Өзбекстан - 137, Түркмөнстан - 176-орунда турат. Кыргызстан кошуналарга салыштырмалуу өйдөрөөк - 122-сапка жайгашканы менен былтыркыга караганда 50 орунга ылдыйлап кеткен. Башка коңшуларда өзгөрүүлөр анча сезилерик эмес. Өзбекстан төрт сапка гана төмөндөгөн.
Өткөн жылы Тажикстанда жети журналист жана блогер жети жылдан 21 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолгон. Алардын ичинен төртөө – Далери Имомали, Абулло Гурбати, Абусаттор Пирмухаммадзода жана Завкибек Саидамини өлкөдө тыюу салынган уюмдар менен кызматташууга күнөөлүү деп табылган. Журналисттер жана алардын жакындары бул айыптоолорду четке кагып, айрымдары тергөө абагында кыйноого кабылганын билдиришкен.
Быйыл 6-мартта Пенжикентте дагы бир журналист кармалды. Тажикстанда тыюу салынган уюм менен кызматташуу айыбы тагылган Хуршед Фозилов учурда Хоженттеги тергөө абагында камакта отурат.
Укук коргоочулар бул журналисттердин баары өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгү үчүн жазага тартылганын билдирип келишет.