Буга чейин миссиянын башчысы Альберт Йонссон Ташкентте 10, аймактарда 14 адис референдумга байкоо жүргүзө турганын айткан.
Миссиянын баяндамасында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырганы, ошол эле маалда комиссияга нейтралдуулук жана көз карандысыздык жетишпей жатканы белгиленген.
БШКнын маалыматына ылайык, 30-апрелде өткөн референдумга шайлоочулардын 83,5% катышып, алардын 90,2% Конституцияны өзгөртүүнү колдошту.
Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу каралган. Бул өзгөртүү Шавкат Мирзиёевге мамлекет башчы кызматына дагы эки жолу ат салышууга мүмкүндүк берет.
65 жаштагы Мирзиёевдин азыркы президенттик ыйгарым укуктары 2026-жылы аяктайт. Азырынча жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен президенттик шайлоонун мөөнөтү өзгөрөр-өзгөрбөсү белгисиз.