Маалыматка караганда, Мухайё Авазалиева аттуу жергиликтүү тургун, анын сиңдиси жана үч бала Шахритуздун борбордук ооруканасына 2-май күнү кечинде жеткирилген.
Ооруканын дарыгерлери азырынча бир үй-бүлөдөгү беш кишинин өлүмүнө эмне себеп болгону белгисиз экенин билдиришти. Учурда алар Душанбеге жөнөтүлгөн анализдердин жыйынтыктарын күтүүдө.
Ал ортодо маркумдардын жакындары алар үй шартында жасалган консервага ууланышы мүмкүн экенин билдиришти.
Өткөн жылы ноябрда Согд облусунун Жаббор Расулов районунда бир үй-бүлө консервага ууланып, эки киши каза болгон.