Ссылки доступа

NeMolchi.uz долбоорунун автору коркутуудан улам Өзбекстандан чыгып кетти


NeMolchi.uz долбоорунун негиздөөчүсү Ирина Матвиенко.
NeMolchi.uz долбоорунун негиздөөчүсү Ирина Матвиенко.

Зомбулукка каршы NeMolchi.uz долбоорунун негиздөөчүсү жана жетекчиси, укук коргоочу Ирина Матвиенко Өзбекстандан чыгып кетти. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

"Өлтүрүү тууралуу билдирүү алгандан кийин, менин жүрүм-турумум өзгөрдү. Мен муну бирөөнүн ыксыз тамашасындай кабыл алууга аракет кылдым, бирок үйгө кирүү, коридор менен офиске баруу коркунучтуу болду”, - деп жазды Ирина Матвиенко.

Ал 28-апрелде коркутуу тууралуу укук коргоо органдарына кабарлаганын, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Матвиенконун айтымында, Өзбекстандан кеткенине карабай, NeMolchi.uz долбоору бул өлкөдөгү укуктары бузулган аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырууну уланта берет.

NeMolchi.uz 2017-жылы түзүлгөн көз карандысыз маалымат долбоору болуп саналат. Анын максаты аялдарга карата жасалган зомбулук көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет.

NeMolchi.uz Ургенч шаарындагы балдар үйүндө өспүрүм кыздар он ай бою мамлекеттик кызматкерлер менен жыныстык катнашка барууга мажбурланганын биринчи болуп жазып чыккан. Ирина Матвиенко коркутуунун бул билдирүүгө тиешеси бар-жогун азырынча так билбей турганын айтат.

XS
SM
MD
LG