Ссылки доступа

Каракалпак активисти Даулетмурат Тажимуратовду бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялады


Казакстандын Актау шаарында каракалпак активисти Куанышбай Каниязов Өзбекстанда Нукус окуясынан кийин соттолгон Даулетмурат Тажимуратовду жана башка адамдарды бошотууну талап кылып, саясий ачкачылык жарыялады.

Бүгүн соцтармактарда жарыяланган видеодо Каниязов бардык укук коргоочу уюмдарга, ЕККУга жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу жасады.

“2022-жылы өзбек бийлиги Конституцияны өзгөрткүсү келген. Буга жүз миңдеген каракалпакстандык каршы чыккан. Алардын лидерлери Даулетмурат Тажимуратов жана башка адамдар болгон. Алар түрмөгө камалган. Мен алардын бошотулушун каалайм. Алар күнөөлүү эмес. Талабым – аларды бошотуу. Ошондуктан ачкачылык жарыялап жатам”, — деген Каниязов.

2015-жылдан бери үй-бүлөсү менен Казакстанда жашаган 58 жаштагы Куанышбай Каниязов каттоодон өтпөгөн “Бирлик” коомдук кыймылынын тең негиздөөчүлөрүнүн бири.

Январда сот Нукустагы акциялардын башкы уюштуруучусу деп айтылган журналист Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга түрмөгө кескен. Мындан башка дагы ондогон активист ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда автономиялуу Каракалпакстан Республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Кеминде 21 адам каза таап, жүздөгөн адамдар жараат алган бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган.

XS
SM
MD
LG