Ссылки доступа

Ташкент: базарда орун талашкан аял өзүн өрттөдү


Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгы  базарда өзүнө бензин чачып өрттөп салган аялдын окуясы боюнча маалымат таратты.

Башкармалыктын билдиришинче, окуя 2-майда Алмазар районундагы дүкөндөрдүн биринин маңдайында болгон. 43 жаштагы аял көчөдөгү башка сатуучу менен орун үчүн уруша кеткен. Нааразылык иретинде ал өзүн бензин чачып өрттөгөн. Жыйынтыгында денесинин 35 пайызы, анын ичинде бети-колу күйгөн аял ооруканага жеткирилген.

Баштапкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, аял буга чейин соода кылуучу жай үчүн жарандар менен урушуп, бир нече жолу өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган.

Алмазар райондук прокуратурасы тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG