Ссылки доступа

Алматыда активист Альнур Ильяшев беш суткага камалды


4-майда Алматынын административдик соту активист Альнур Ильяшевди беш суткага камакка алуу чечимин чыгарды.

Маалыматка караганда, активисттин камакка алынышына анын соттун буга чейинки өкүмүн аткарбай, "элдик парламенттин" жыйынына катышканы себеп болгон.

"Альнур Ильяшев коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу укугунан ажыратылганын билип туруп 1-апрелде өлкөдө катталбаган "Элдик парламент" бирикмесинин жыйынына катышкан. Сот отурумунда активист күнөөсүн мойнуна алып, соттон аны административдик камакка алууну өтүнгөн", – деп жазылган өкүмдө.

Ильяшев 2020-жылы июнда "Жалган маалымат таратуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эркиндиги үч жылга чектелген. Мындан тышкары анын коомдук жана саясий иштер менен алектенүүсүнө беш жылга тыюу салынган. Соттун мындай өкүм чыгаруусуна активисттин соцтармактарга бийликтин партиясын сындап жазган билдирүүлөрү себеп болгон.

Ильяшев коюлган айыптарды четке каккан. Укук коргоочулар активистке карата чыккан сот өкүмүн айыпташкан.

Апрелде Ильяшев 19-мартта өткөн мажилис жана маслихат депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарына каршы Алматыда митингге чыкканы үчүн 15 суткага камалып чыккан.

Активист январда парламент сенатын шайлоодо талапкер катары катталууга аракет кылган. Бирок аймактык шайлоо комиссиясы соттуулугу жоюла элек жарандар талапкер боло албай турганын билдирип, аны каттоодон баш тарткан.

Видео

XS
SM
MD
LG