Алардын айтымында, Шохмансур райондук сотунун Имомалини 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмү боюнча шаардык сотко төрт ай мурда апелляциялык арыз менен кайрылышкан.
Далер Имомали 2022-жылы июнда кармалган. Ушул эле жылы октябрда Душанбенин Шохмансур райондук соту аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Активист өлкөдө тыюу салынган "Группа 24" кыймылы менен кызматташууга, "мыйзамсыз ишмердүүлүккө" жана "кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат берүүгө" күнөөлүү деп табылган.
Буга чейин Далер Имомали президент Эмомали Рахмондун атына кат жолдоп, анын ишин кароодо олуттуу жана одоно мыйзам бузуулар болгонун, ал тагылган айыптарды жана соттун өкүмүн тааныбай турганын билдирген.
Далери Имомали – Тажикстанда 2022-жылы кармалган сегиз журналист жана блогердин бири.