Ссылки доступа

Ташкентте Нукус окуялары боюнча апелляциялык сот башталды


Ташкентте Каракалпакстан окуялары боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында 16 соттолуучунун апелляциялык арызы каралууда.

5-майда башталган отурумда журналист Даулетмурат Тажимуратовдун, Каракалпакстан ИИМинин ыкчам иликтөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы, маркум Полат Шамшетовдун жана башка айыпталуучулар менен алардын адвокаттарынын арыздары каралат.

Биринчи баскычтагы соттун өкүмү менен алты жылга соттолгон Полат Шамшетов быйыл 4-февралда Бухарадагы түрмөдө каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жумушчу тобу ал "курч жүрөк кемтигинен улам каза болгон" деген корутунду чыгарган.

Бул процесстин жүрүшүндө прокуратуранын шарттуу кесилген төрт адамга карата чыккан өкүм боюнча жазган арызы да каралат. Алар шарттуу түрдө соттолуп, сот залынан бошотулган Лолагүл Каллыханова, Азамат Турданов, Ахмет Сметуллаев жана Азамат Нуратдинов.

Январда Бухара облусундагы сот Каракалпакстан окуялары боюнча айыпталган 22 кишиге карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, башкы айыпталуучу эсептелген Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле дагы 17 айыпталуучу 3 жылдан 8,5 жылга чейин соттолсо, Лолагүл Каллыханова баштаган төрт киши эркиндикке чыккан.

17-мартта Нукус окуяларына байланыштуу кылмыш ишинин 39 фигурантына карата экинчи өкүм чыккан. Анда 28 айыпталуучу 5 жылдан 11 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолуп, 11и сот залынан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыкканы белгилүү болгон.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы 1-2-июль күндөрү болгон Нукус окуялары маалында 21 киши өлүп, 243 адам жаракат алган. Алардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери да бар экени кабарланган. Каракалпакстандыктардын нааразылыгы күч менен таркатылган. Бирок өзбек бийлиги аскерлер демонстранттарга каршы ок атканын четке каккан.

Буга чейин АКШ, Европа Биримдиги (ЕБ), БУУ жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Өзбекстандын бийлигин Каракалпакстандагы окуяларды ачык жана ар тараптуу иликтөөгө, ошондой эле тынч демонстранттарга карата ашыкча күч колдонулганы боюнча тергөө жүргүзүүгө чакырышкан. Бирок экинчи соттук процесстеги айыпталуучулардын катарына митинг катышуучуларына каршы күч колдонууга айыпталган укук коргоо органдарынын кызматкерлери кирген эмес.

XS
SM
MD
LG