Ссылки доступа

Алматыда "Oyan, Qazaqstan" кыймылынын эки активисти 15 суткага камалды


6-май күнү кечинде Алматыда "Oyan, Qazaqstan" кыймылынын эки активисти – Дархан Шарипов менен Влада Ермольчева кармалды.

Маалыматка караганда, Шарипов үйүнүн кире беришинде, Ермольчева кафеде тамактанып отурганда кармалган. Аларга "Тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузуу" беренеси боюнча айып тагылган.

Ошол эле күнү түнчүндө Ермольчева 26-мартта, Шарипов былтыр ноябрда нааразылык акциясына чыкканы үчүн 15 суткадан камакка алынды.

2022-жылы президенттик шайлоо өткөн 26-ноябрда "Oyan, Qazaqstan" кыймылынын активисттери "Таза шайлоо үчүн" деген ураан менен нааразылык акциясына чыккан. Полиция кызматкерлери аларды кармап кетип, бирок тез эле кайра бошоткон. Ермольчева быйыл парламенттик шайлоодон бир жумадан кийин – 26-мартта өткөн акцияга да катышкан.

Шариповдун адвокаты Елена Жигаленок соттун мындай чечими "күтүүсүз" болгонун билдирди.

"Ал митингден бери алты ай өттү. Дархан алдын ала билдирме жөнөтпөй туруп акцияга чыккан күндө да, эч кандай кесепети болбогондон кийин аны жарым жылдан кийин жазалоого негиз жок болчу. Бул демократиялык өнүгүүдөн артка жасалган кадам", – деди адвокат.

Казакстандын "Тынч жыйындар тууралуу" азыркы мыйзамы 2020-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, жарандар кандайдыр бир акция же пикет өткөрүү үчүн мурдагыдай эле жергиликтүү бийликке билдирме жөнөтүп, алдын ала макулдашуусу керек. Болбосо мындай акциялар мыйзамсыз деп эсептелип, ага катышкандар кармалат. Активисттер жарандардын тынч жыйындарга катышуу укугу Конституцияда жазылганын жана ал өзүнчө бир мыйзамдардан жогору турарын белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG