Ссылки доступа

Өзбекстанда желектин түсүндөй тасма тагынып жүргөн өспүрүмгө козголгон иш токтотулду


Өзбекстандын желеги
Өзбекстандын желеги

Өзбекстанда өлкөнүн мамлекеттик туусунун түсүндөй тасманы тагыныа жүргөн өспүрүмгө административдик иш козгоо боюнча чечим жокко чыгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

"Башкы прокуратуранын кийлигишүүсү менен өспүрүмгө карата кабыл алынган бул мыйзамсыз чечим жокко чыгарылды", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Административдик кодексте Өзбекстан менен Каракалпакстандын мамлекеттик туусу, герби жана гимни тууралуу мыйзамдарды бузгандар үчүн үч базалык эсептик көрсөткүч (990 миң сум же 86 доллар) өлчөмүндө айып пул каралган. Эгер бул мыйзамды кызмат адамдары бузса, айып пул көлөмү үчтөн жетиге чейинки базалык эсептик көрсөткүчтү түзөт.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандын туусун мамлекеттик органдар менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн имараттарында, президенттин жана башка жетекчилердин иш бөлмөлөрүндө, аскер бөлүктөрүндө, чек арадагы өткөрмө бекеттерде, спорттук ареналарда, ошондой эле майрам күндөрү борбордук көчөлөрдө колдонууга мүмкүн.

Өткөн жылы декабрда "УзЛиДеп" партиясы жарандарга мамлекеттик тууну өз үйлөрүнө жана иш орундарына илип коюуга уруксат берүүнү сунуштаган. Мындан тышкары желекти колдонууга байланышкан жоопкерчилик чараларын да кайрадан карап чыгуу сунушу айтылган.

Өзбекстандын мамлекеттик туусунун түсүндөгү тасмалар мектептерде окуу жылы аяктаган күнү жана 9-майда белгилене турган Эскерүү жана сый-урмат көрсөтүү күнүндө кеңири колдонулуп келет.

XS
SM
MD
LG