Ссылки доступа

Камактагы тажик адвокаты өзүнө каршы козголгон төртүнчү кылмыш иши боюнча комментарий берди


Тажикстанда 28 жылга соттолгон адвокат Бузургмехр Ёров өзүнө каршы козголгон төртүнчү кылмыш иши боюнча комментарий берди.

Адвокаттын айтымында, ага каршы кылмыш иши абакта отурган Хасан Хасанов аттуу жарандын арызы боюнча "Алдамчылык" беренеси менен козголгон. Арызда Ёров менен анын туугандары юридикалык жардам көрсөтүү жана Хасановду абактан чыгаруу үчүн андан 42 400 миң сомони (4 миң доллардан ашык) алганы, бирок убадаларын аткарбаганы жазылган.

Тажикстан ИИМинин өкүлү "Озоди" радиосуна Ёровго каршы козголгон жаңы кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф басылганын жана анын чоо-жайын айта албай турганын билдирген.

Бузургмехр Ёров түрмөдөн жазган катында Хасанов менен беттештирүүнү, ошондой эле жакындарын күбө катары тергөө иш-чараларына катыштырууну өтүнүп абак жетекчилигине кайрылган.

"Биз Хасан Хасановду жакшы билебиз, ал 2018-жылы 26 жылга соттолгон. Ага чейин ал биздин фонд менен кызматташып, бизге камактагы адамдар тууралуу маалыматтарды жөнөтүп келген. Ал Бузургмехрга каршы арызды бийликтин басымы менен жазган деп ойлойбуз", – деди Жамшед Ёров.

Тажик бийлигин азырынча Бузургмехр Ёровго каршы козголгон жаңы кылмыш иши боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. Ага "Алдамчылык" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча айып тагылып, 2017-жылы 28 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Ёровго "Бийлик өкүлүн кемсинтүү", "Сотту сыйлабоо" жана "Улут лидери, президентке акаарат келтирүү" беренелери менен дагы бир нече кылмыш иши козголгон. 2021-жылы "Мунапыс тууралуу" мыйзам менен анын камактагы мөөнөтү төрт жылга кыскартылган.

2019-жылы БУУнун Негизсиз кармоолор боюнча жумуш тобу Бузургмехр Ёровду камакка алуу менен Тажикстандын бийлиги "эл аралык укукту бузганын" билдирип, тажик өкмөтүн аны тез арада эркиндикке чыгарууга үндөгөн. Өз кезегинде расмий Душанбе "адвокаттын ишинде саясат жок экенин", "анын күнөөсү сотто далилденгенин" билдирген.

XS
SM
MD
LG