Бийлик 40 кишини коопсуз жайга убактылуу көчүрдү. Түндүк Казакстан өзгөчө кырдаалдар департаменти өрт түнкү саат ондо өчүрүлгөнүн билдирди. Курмандык жок.
Ошол эле маалда жергиликтүү “Петропавловск.news” басылмасы бир адам ооруканага кайрылганын жазды.
Түндүк Казакстан облусунун акими Айдарбек Сапаров Телеграм каналында жабыркагандарга убактылуу турак жай даярдалганын маалымдады.
“Зыянга учураган үйлөрдүн жашоочулары №25 мектептеги эвакуациялоо пунктуна убактылуу которулду. Тамак-аш жана жатакана менен камсыз болушту. Өрттөн жабыркагандар менен жолуктум. Атайын комиссия түзүлдү. Элди убактылуу турак-жай менен камсыз кылабыз”, - деди Түндүк Казакстан облусунун акими.
Өрттүн себеби азырынча белгисиз. Жергиликтүү бийликтин кабарына караганда, коопсуздук эрежелери сакталган эмес, от жагылган.