Тажик бийлиги Ооганстан айланасында “коопсуздук кемерин” түзүү маселесин буга чейин да көтөрүп келген. Душанбе бул чара курал-жарак, маңзат, мыйзамсыз миграция, аймакка террордук жана экстремисттик топтордун кирип келишин бөгөттөөгө багытталат деп эсептейт.
Тажик президент Эмомали Рахмон 2022-жылдын январында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынында Ооганстандын айланасында “коопсуздук алкагы” зарыл экенин жарыялаган. Рахмон ЖККУнун түштүк чек араларына жакын жерде, Ооганстандын түндүк-чыгыш провинцияларында 40тан ашык лагер жана террористтерди даярдоочу борборлор бар экенин, аларда 6 миңден ашуун согушкер турарын айткан.
Тажикстан ТИМ башчысынын билдирүүсү ооганстандык 8 кишиден турган топ тажик чек арасына мыйзамсыз өтүп, атайын кызматтын Хорогдогу бөлүм башчысын атып кеткен окуядан кийин жарыяланды.
Тажикстан дүйнөдөгү эң ири маңзат өндүрүүчү болгон Ооганстан менен 1300 чакырымга созулган жалпы чек араны бөлүшөт. Чек арада аткезчилер менен кагылышуулар жыл сайын болуп турат.