Тергөөнүн маалыматына караганда, фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү дары-дармектерди сатуудан түшкөн каражатты бухгалтердик отчетто көрсөтүшкөн эмес. Аталган факты боюнча “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу” беренеси боюнча иш козголду.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, фармацевтикалык компаниянын кызматкерлери айрым дарыгерлер менен сүйлөшүп алып, “бейтаптарды милдеттүү түрдө бул компаниядан дары-дармек сатып алууга көндүрүшкөн” жана сатылган дарылардын пайызын алып турушкан.
Укук коргоо органдарынын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук соту фармацевтикалык компаниянын директорун – азербайжан жаранын жана эсепчисин бир айга камакка алуу чечимин чыгарды. Фармацевтикалык компаниянын башкы кеңсеси Азербайжанда жайгашкан. RV жана RO жоопкерчилиги чектелген коомдорунун филиалдары Кыргызстанда 2018-жылы каттоодон өткөн.