Ссылки доступа

Түрмөдөгү адвокат Бузургмехр Ёров айып жайга киргизилди


Бузургмехр Ёров менен анын апасы Хуриниссо Исхокова
Бузургмехр Ёров менен анын апасы Хуриниссо Исхокова

Соттолгон тажик адвокаты Бузургмехр Ёров 15 суткага карцерге жөнөтүлдү.

Бузургмехр Ёровдун апасы Хуриниссо Исхокова 9-майда “Озоди” радиосуна уулунун карцерге камалганын төрт күн мурун билгенин айтты.

“Алар мага Бузургмехр айып жайда экенин жана ага посылка алууга тыюу салынганын айтышты. Эмне үчүн карцерге жөнөтүлгөнүн кабарлашкан жок. Үйгө келип көпкө ыйладым. Баламды беш жылдан бери көрө элекмин”, - деди соттолгон адвокаттын апасы.

Душанбедеги №1 абактын администрациясы бул жагдайга комментарий берген жок. Ал 15-майга чейин карцерде болот.

Бузургмехрдин агасы Жамшед Ёров карцерге жөнөтүүгө адвокаттын колониядан жазган каты себеп болушу мүмкүн экенин айтты. Ёров катында өзүнө каршы козголгон төртүнчү кылмыш ишинин айрым учурларын ачыктаган. Адвокатка каршы козголгон ишке “жашыруун” деген мөөр басылган.

Бузургмехр Ёров катында абактагы Хасан Хасановдун арызынын негизинде алдамчылык фактысы боюнча төртүнчү кылмыш иши козголгонун жазган. Арызда Бузургмехр Ёров жана анын жакындары юридикалык кызмат көрсөтүү жана Хасановду абактан чыгаруу үчүн 42 миң 400 сомони (4 миң доллардан ашык) алганы, бирок эч нерсе жасабаганы айтылган.

Бузургмехр Ёров Хасанов менен бетме-бет жолуктурууну суранган, бирок тергөө органы өтүнүчтү четке каккан.

Жамшед Ёров Хасан Хасанов бийликтин кысымы менен арыз жазган болушу ыктымал деп эсептейт.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. Ага "Алдамчылык" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча айып тагылып, 2017-жылы 28 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Ёровго "Бийлик өкүлүн кемсинтүү", "Сотту сыйлабоо" жана "Улут лидери, президентке акаарат келтирүү" беренелери менен дагы бир нече кылмыш иши козголгон. 2021-жылы "Мунапыс тууралуу" мыйзам менен анын камактагы мөөнөтү төрт жылга кыскартылган.

2019-жылы БУУнун Негизсиз кармоолор боюнча жумуш тобу Бузургмехр Ёровду камакка алуу менен Тажикстандын бийлиги "эл аралык укукту бузганын" билдирип, тажик өкмөтүн аны тез арада эркиндикке чыгарууга үндөгөн. Өз кезегинде расмий Душанбе "адвокаттын ишинде саясат жок экенин", "анын күнөөсү сотто далилденгенин" билдирген.

XS
SM
MD
LG