Ссылки доступа

"Сахарово" миграциялык борборунда мигранттарды согушка азгыруу уланууда (видео)


 "Сахарово" миграциялык борбору
"Сахарово" миграциялык борбору

Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда эмгек мигранттарын Украинадагы согушка тартуунун жаңы ыкмасы пайда болду.

Бир нече тажикстандык мигрант “Озоди” радиосуна билдиргендей, эми эмгек патентин берүү үчүн аларды өзүнчө бөлмөгө чакырышууда.

Редакцияга жөнөтүлгөн видеолордун биринде: “Бул бөлмөдө мигранттарды сурануу, акча талап кылуу же мажбурлоо аркылуу согушка азгырышууда”, - деп айтылат.

Тажик мигранттарын Украинадагы согушка тартуу маселеси Орусиянын бийлик түзүмдөрүнүн түрдүү деңгээлинде талкууланууда. Маселен, орус парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Михаил Матвеев 6-майда өзүнүн Telegram баракчасында орус жарандыгын алган тажиктерди согушка мобилизациялоо керектигин жазды.

Расмий маалыматтарга караганда, акыркы үч айда 45 миңдей тажик жараны орус паспортун алган.

Мигранттардын укугун коргоочу Каримжон Ёров согушта жоготуулар көбөйгөнүн жана Орусия дагы көп аскерлерди мобилизациялоону каалап жатканын билдирди.

“Согушта абал өзгөрүп жатат, башкача айтканда, азыр орустар чабуул жасабастан, токтоп калышты, оор жоготууларга учурады. Ошондуктан алар мигранттар жөнүндө кайрадан ойлонуп жатышат. Мурда 400 миң рублга чейин сунушталса, азыр төлөмдүн көлөмү 180-200 миңге чейин кыскарды. Азыр мигранттарды күч менен да, акча менен өзүнө тартып жатышат. Бул болсо орус армиясынын абалы бир топ начарлап кетти дегенди билдирет”, - деди ал.

Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарынын айтымында, орусиялык жалдоочулар аларды мечиттерде, жатаканаларда жана миграциялык борборлордо армияга тартууга улам көбүрөөк далалат кылып жатышат.

Мигранттардын көпчүлүгү Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан согушка кызыкпайт. Бирок жүздөгөн же миңдеген адамдар Орусия басып алган украин жерлеринде, негизинен курулуш компанияларына жумушка орношкон.

XS
SM
MD
LG